• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Тилектештик автобусу": Калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү акциясы Кадамжайда уланат

Аймак 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү акциясы Баткен облусунун Кадамжай районунда уланат.

Юстиция министрлигинен билдиришкендей, «Тилектештик автобус» кызматы Кадамжай районунда 21-ноябрдан 24-ноябрга чейин саат 10:00дөн 16:00гө чейин иш алып барат.

«Тилектештик автобус» кызматы Кадамжай районуна төмөнкү каттам менен жөнөйт:

  • 21-ноябрда Кара-Дөбө айылына, айыл өкмөтүнүн имараты;
  • 22-ноябрда Кызыл-Булак айылына, айыл өкмөтүнүн имараты;
  • 23-ноябрда Каражыгач айылына, айыл өкмөтүнүн имараты;
  • 24-ноябрда Майдан айылына, айыл өкмөтүнүн имараты.

Белгилей кетсек, «Тилектештик автобусу» сапарынын негизги максаты - МКЮЖ системасынын адвокаттары, Юстиция министрлигинин кызматчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тарабынан калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү болуп саналат.

Акциянын алкагында жер, турак жай, жарандык, үй-бүлөлүк, кылмыш-жаза жана башка укуктук маселелер боюнча кеп кеңеш алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий