• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТИМ: Бүгүн Дубайдан Бишкекке дагы 180 кыргызстандык учуп келди

Коом 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-майда БАЭ тарап менен мурда жетишилген макулдашууну ишке ашыруунун алкагында «Дубай-Бишкек» каттамы боюнча Бишкекке 180 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коопсуздукту сактоо үчүн бардык жүргүнчүлөр аэропорттун перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлгөн.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 26-апрелинен бери Бириккен Араб Эмирлигинен 178 кыргызстандык кайтарылган. Мурда маалымдалгандай, 2020-жылдын 10-майында БАЭден КР жарандарын чыгарып кетүү боюнча алдын ала Эмират тарабы менен макулдашуу жетишилген.

Пикир

Оставить комментарий