• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ТИМ башчысы: Кыргызстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик чек арасы дагы 10 пайызга макулдашылды

Саясат 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Кыргызстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик чек арасы дагы 10 пайызга макулдашылды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Кыргызстан жана Өзбекстан 85 пайыз чек араны макулдашуу боюнча келишимге кол коюшкан.

“Биздин өлкөлөрдүн ортосунда жакшы өз ара түшүнүү бар. Акыркы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө белгилүү бир тилкелер боюнча макулдашууларга жетишилди. Жумуш 10 пайызга чейин бүттү”, - деди ал.

Кыргызстандын жана Тажикстандын чек араларын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча вице-премьерлердин жана комиссиянын деңгээлинде сүйлөшүүлөр уланууда.

“Быйыл вице-премьерлердин деңгээлинде эки жолугушуу, комиссиянын деңгээлинде 3-4 жолугушуу өттү. Жакшы жылыштар бар”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий