ТИМ “Дипломатия жаатында мамлекеттик тилди өнүктүрүү” аталыштагы тегерек стол уюштурду

Коом 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги мамлекеттик тил күнүнө карата жана “2018-жыл региондорду өнүктүрүү жылынын” алкагында, ушул жылдын 20-сентябрында Ош Мамлекеттик университети менен биргеликте “Дипломатия жаатында мамлекеттик тилди өнүктүрүү” аттуу тегерек стол өткөрдү.

Тегерек столго КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Ош Мамлекеттик университетинин, Дипломатиялык академиянын өкүлдөрү жана Тышкы иштер министрлигинин, КР ТИМдин Баткен, Ош, Жалал-Абад областтарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери катышты.

Тегерек столдо мамлекеттик тилдин азыркы абалы жана анын келечеги талкууга алынды, ошондой эле Министрликтин мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча аткарып жаткан иштери жана келечек пландары тууралуу маалымат берилип, катышуучулар тарабынан дипломатия жаатында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча кызыктуу сунуштар, пикирлер айтылды.

Тегерек столдун жүрүшүндө “маданияттын биринчи баскычы эне тилинде жакшы сүйлөө жана туура жаза алуудан башталат” – деп түрк философу Пейами Сафа айткандай, өз тилибизде туура, так сүйлөө, сабаттуу жазуу менен мекенге, элге, тилибиздин өнүгүүсүнө кызмат кыла аларыбыз белгиленип, төмөнкүдөй мисалдар менен кыргыз тилинин байыркы, бай тил экендиги айтылды.

Байыркы кыргыздар өтө кыска, эки-үч эле тамгадан, же бир эле муундан турган сөздөрдү кеңири пайдаланган. Кайсы тилде бир муундан турган сөздөр көбүрөөк болсо, демек, ал ошол тилдин байыркы тил экендигинен, тарыхынан кабар берет. Андай сөздөр кыргыз тилинде өтө көп: от, суу, эл, жер, ак, көк, бар, кел, кет, өтө, оор, жүр, кой, бул, ал, туз ж.б. Окумуштуулардын айтуусуна караганда, бул сөздөр биздин заманга чейинки VI кылымдагы шумер заманына таандык.

Экинчиден, тил байлыгы ири алды лексиканын, синонимдердин көптүгү менен бааланат. Манастын эки томдугунда сөздөрдүн өтө көптүгү айтылууда. Азыркы учурдагы бирден-бир аскердик держава болуп эсептелген Россиянын аскердик куралдар сөздүгү жүзгө чукул терминди камтыса, Манаста согуштук куралдардын 220 түрү жазылган. Же болбосо сары түстүн эле кыргыз тилинде тогуз түрү бар. Алар кочкул сары, сапсары, сары, күлгүн сары, мала сары, күңүрт сары, ак саргыл, саргыч, чийки сары.

Дагы бир мисал, К.К.Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүндө” кыргыздын төл сөздөрү дээрлик 78,2 пайызды түзүп, 22,8 пайызы гана чет тилдерден кирген сөздөрдөн турат.

Ошондой эле аталган тегерек столдун алкагында дипломатиялык терминдердин кыргыз тилинде пайда болушу тууралуу төмөнкүлөр айтылып өттү: эл аралык мамилелердин өнүгүүсү менен кыргыз тилинде да жаңы сөздөр, сөз айкаштар жана терминдер пайда боло баштаган. Бул процесс, айрыкча, эгемендүүлүктү алгандан кийин алга жыла баштаган. Чет тилдерден көптөгөн саясий, дипломатиялык терминдер, сөздөр кабыл алынып, тилдин ички ресурстарын пайдалануу жолу менен көбөйгөн. Тышкы булактардан калькалоо, түздөн-түз которуу же чет тилдерден кабыл алуу жолу менен адабий тилде жаңы дипломатиялык, саясий терминдер, жаңы түшүнүктөр колдонула баштаган. Кыргыз тилинин тышкы саясий жана дипломатиялык лексикасынын катарын төмөндөгүдөй сөздөр, сөз айкаштары жана терминдер толуктаган: жеке нота, вербалдык нота, коммюнике, меморандум, декларация, виза, квота, консул, атташе, конвенция, палата, валюта, вексель, эмигрант, иммигрант, экстрадиция, персона грата, персона нон грата ж.б. Булар кыргыз тилине которгондо маанисин жоготот жана майдаланып кетет. Андыктан чет тилдерден кирген жаңы сөздөр катары которулбай эле дипломатия жаатында кеңири колдонулуп келе жатат.

Жогоруда белгилүү болгондой, кыргыз тилине дипломатиялык терминдер латын, грек жана француз тилдеринен кирген да, ички ресурстарга ылайыкташып, мүчөлөрдүн уланышы менен жигердүү колдонула баштаган. Мындан сырткары дипломатия жаатында калькалоо жолу аркылуу кабыл алынган сөздөр да бар. Калькалар толук жана жарым-жартылай калька болуп бөлүнөт. Толук калькалоодо сөздөр толук которулат. Мисалы, внешняя политика – тышкы саясат, внутренняя политика – ички саясат, ал эми жарым – жартылай калькаларда терминдердин биринчиси которулбайт да, экинчиси которулат. Мисалы, демографическая политика – демографиялык саясат, консульское учреждение – консулдук мекеме, дипломатическое представительство – дипломатиялык өкүлчүлүк ж.б. Ал эми айрым дипломатиялык терминдер жана сөз айкаштары экөө тең которулбаган формасында кыргыз тилинин грамматикасына ылайык мүчөлөрдүн уланышы менен колдонулат. Мисалы: консулдук агент, дипломатиялык акт, консулдук корпус, дипломатиялык ранг ж.б.у.с.

Ошондой эле документтерди которууда терминдерди туура пайдалануу, аларга конкреттүү мамиле жасоо өзгөчө мааниге ээ экендиги, талкуунун жүрүшүндө белгиленди. Биздин практикада көптөгөн сөздөрдүн терминдик маанисин котормочулар жаратат. Ошондон тартып ал колдонууга кирет. Ушинтип негизги аткаруучулар жана юристтер ченемдик укуктук актыларды кыргызча иштебей, ал ишти котормочулар гана аткарып калгандыктан терминдер түрдүүчө алынып, чаржайыттыктар өтө көп болууда. Андыктан терминдерди бирдейлештирип жазуу (кодификация) зарылдыгы жарала баштады.

Жогоруда белгиленген жагдайларды эске алуу менен, аталган тегерек столдун алкагында, катышуучулар тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча кийинки сунуштар айтылды: эл аралык мамилелер факультетинин студенттерин даярдоодо көмөкчү материал катары колдонуу максатында, жана дипломатия жаатында терминдерди бирдейлештирүү үчүн дипломатиялык терминдердин орусча – кыргызча сөздүгүн толуктап иштеп чыгуу, дипломатия жаатында колдонулган иш кагаздардын үлгүлөрүн иштеп чыгуу, кодификациялоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүү жана башка.

Атайын "Кабар" үчүн КР ТИМдин Мамлекеттик тил боюнча секторунун башкы адиси Н.Жусубакунова

Пикир

Оставить комментарий