• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТИМ: Калифорнияда карантинге алынган лайнердеги эки кыргызстандыктан коронавирус табылган жок

Коом 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. АКШнын Калифорния штатынын жээгинде карантинге кармалган Grand Princess круиздик лайнериндеги эки кыргызстандыктан коронавирус табылган жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка алйык, Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилиги лайнердеги кыргызстандыктар менен тыгыз байланышта болууда.

"13-мартта Кыргызстандын эки жараны карантинди ары өтүү үчүн АКШнын Джорджия штатында жайгашкан карантиндик борборго көчүрүлдү. Бир нече өткөрүлгөн тесттердин натыйжасында, карантиндик борборунун медициналык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандарында коронавирус оорусу жок экендигин ырастады. Алдын ала маалыматтар ылайык, Кыргызстандын эки жараны 14-күндүк карантинди өткөндөн кийин карантиндик борбордон үйлөрүнө кеткенге мүмкүнчүлүк болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий