• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ТИМ: Ведомство аралык жумушчу топ Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерет

Коом 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлигинин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, УКМК жана ТИМ өкүлдөрүнөн турган мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

"Ведомство аралык жумушчу топ КРнын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Түркияга учуп кетет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 12-ноябрда Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий