• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өткөрүп жибербеңиз. Бишкекте кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Бишкек шаарында кайрадан азык-түлүк жарманкеси өткөрүлөт.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, кезектеги жарманке 2021-жылдын 6-7-март күндөрүндө өтөт.

Жарманкелер өтчү даректер:

1. Октябрь райондук администрациясы, 12-кичирайон, А.Токомбаев менен Н. Жетикашкаев көчөлөрүнүн кесилиши;

2. Биринчи май райондук администрациясы, И.Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;

3. Свердлов райондук администрациясы, Т.Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.

Алдыдагы жарманкедеги продукциялардын баалары:

  • Уй эти – 390-405 сом
  • Жылкы эти - 380-390 сом
  • Кой эти – 400-405 сом
  • Тоок эти – 200-210 сом
  • Суу май - 120-125 сом
  • Жумуртка 10 даана – 90-95 сом
  • Үй жумурткасы 10 даана - 90-100 сом
  • Кумшекер - 55-57 сом
  • Күрүч - 55-60 сом
  • Алма - 30-50 сом
  • Сабиз – 12-15 сом
  • Картөшкө - 22-25 сом
  • Пияз - 15-16 сом.

Пикир

Оставить комментарий