• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ТМККнын байкоочулары: КРдагы парламенттик шайлоону уюштуруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн

Коом 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Жаштардын, аялдардын жана улуттук азчылыктын Кыргызстандагы парламенттик шайлоого катышуусу демократияны куруудагы жакшы кадам. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) миссиясынын башчысы Гисмат Гозалов билдирди.

Анын айтуусунда, күн мурун өткөн шайлоо процессине мониторинг жүргүзүү шайлоонун ачык-айкын өтүшүн камсыз кылган тиешелүү орган менен биргеликте жүргүзүлгөн. Участоктордо улуттук, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын байкоочулары болду.

«Парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн. Мүчүлүштүктөрдү жоюу, социалдык тармактарда тарап жаткан даттануу жана кайрылууларга дароо реакция жасоо үчүн жеринде шарттар түзүлгөн. Тиешелүү органдар ар бир даттанууну КР мыйзамдарына ылайык карап жатышты», - деди ал.

Гозалов баса белгилегендей, саясий партиялардын курамында аялдардын, жаштардын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жана улуттук азчылыктын катышуусу камсыз кылынган. Шайлоого аялдар - 32%, жаштар - 31%, улуттук азчылык - 17%, өзгөчө адамдар – 2% катышкан. Бул абдан жакшы көрсөткүч жана демократияны куруудагы жакшы кадам.

«Биздин миссия кийлигишүүнү, административдик ресурсту жана укук коргоо органдарынын күчүн колдонууну көргөн жок. Миссия улуттук жана эл аралык байкоочулардын катышуусуна күбө болду. Бул өз кезегинде ачык жана айкын шайлоону камсыз кылды», - деди ТМККнын өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий