• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери Бишкекте тазалык сакталбагандыгы үчүн 1 млн 853 миң сомго айып салынды

Коом 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Муниципалитеттин санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору күн сайын шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Санитардык-экология инспекциясына тыюу салынган буюмдар өрттөлүп жаткандыгы жөнүндө кайрылуу келип түшкөн. Окуянын чоо жайын иликтөөдө мыйзам бузуу тастыкталып, А.Плугатыревге КР "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 71-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 7500 сом өлчөмүндө айып салынды.

Ал эми "Кыргызбайдын самсасы" чайханасынын айлана-тегерегинде санитардык талаптар сакталбагандыгы үчүн Калыбай к Ч.(Д.Сяопин көчөсү №375) 70 –беренесине ылайык 3 миң сом өлчөмүндө жооп тартат.

Аталган 70-берене боюнча жыл башынан бери 1 миллион 853 миң сомго 231 бузуу иштери катталган.

Пикир

Оставить комментарий