• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жолдордогу чуңкурларды оңдоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Бишкекте жолдордогу чуңкурларды оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Жибек-Жолу проспектиси боюнча Осмонкул көчөсүнөн батыштан чыгышты карай Лермонтов көчөсүнө чейинки жолдун түштүк тарабындагы кемчиликтерди жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Осмонкул көчөсүн Чүй проспектисинен Жибек-Жолу преспектисине чейин 2024-жылга карата жолдорду капиталдык оңдоонун титулдук тизмесине киргизүү пландалууда.

Мындан тышкары, “Бишкек Парк” соода борборунун маңдайындагы, Кулатов – Ж.Пудовкин, Л.Толстой – Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде, Ч.Валиханов көчөсү 1а/1 дарегинде, Ахунбаев-Токтоналиев, Орозбеков – ЧЧК, Байтик баатыр - А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кемчиликтерди жоюу иштери жүрүүдө.

Ал эми Манас проспектиси менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде жолдун деңгээлине темир торду көтөрүп, чуңкур асфальт-бетон аралашмасы менен толтурулду.

Ошондой эле Сүйөркулов жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде Орто-Сай базарынын жанындагы жолдун негизин темир-бетон менен бекемдеп оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда.

Оңдоо иштери “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий