• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токиодо Кыргыз-Япон өнүктүрүү фондун түзүү маселеси талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Токиодо Кыргызстандын финансы министринин орун басары Руслан Татиков Япониянын финансы министринин орун басары Масато Канданын жолугушуусу болуп өттү.

КР Финансы министрлигинен маалымдашкандай, тараптар эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн ийгиликтүү тенденцияларын белгилеп, достук мамилелердин мындан ары да чыңдалышына ишеним билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө инвестицияга, модернизацияга жана өнөр жайды өнүктүрүүгө, ошондой эле эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты жана соода жүгүртүүнү натыйжалуу кеңейтүүгө салым кошо турган Кыргыз-Япон өнүктүрүү фондун түзүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары, тышкы карызды климаттык долбоорлорго тиешелүү финансылык ресурстарды инвестициялоо аркылуу алмаштыруу маселеси көтөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Финансылык башкаруунун маалыматтык системасын реформалоодо тажрыйба алмашууну макулдашты.

Ошондой эле Япония өкмөтүнүн мамлекеттик кызматкерлерди окутуу боюнча Гранттык программасын (JDS) ишке ашыруунун натыйжасында алынган адам ресурстарын өнүктүрүү жаатындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Маалымат үчүн: JDS долбоору Кыргыз стандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине КР өкмөтүнүн кадрларды даярдоо боюнча саясатын колдоо жана Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү максатында Япониянын ЖОЖдорунда магистр даражасын алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Пикир

Оставить комментарий