• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ кар көчкү түшүүсү мүмкүн болгон аймактар боюнча билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 15-16-март күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түштүү коркунучу жогору.

ӨКМ буга байланыштуу кооптуу делген аймактардын тизмесин таратты:

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда,198-260-чакырымындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында;
  • Суусамыр — Талас —Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымындагы Өтмөк ашуусунда, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 59-113-чакырымындагы Чапчыма ашуусунда, Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымында, Мырзаке —Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымында;
  • Бишкек —Нарын —Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымындагы Долон ашуусунда 353-357-чакырымындагы Кызыл-Бел ашуусунда;
  • Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымынын Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси;
  • Суусамыр — Арал унаа жолунун 8-21-чакырымдары;
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу, Барскоон —Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымындагыСөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий