• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмок шаарындагы оорукананын оңдоп-түзөө иштери 92%га бүттү

Аймак 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Токмок шаарындагы оорукананын оңдоп-түзөө иштери 92%га бүттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарындагы оорукананы капиталдык оңдоо иштери 2020-жылдын июль айында башталган. Оорукана 216 орундукка ылайыкталган.

"Имараттын жана откананы эски чатыры менен электртутумдары алмаштырып, ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүргүзүлгөн. Жаңы эшик, терезелер менен ички тосмолор орнотулуп, желдөө, жылытуу системалары жана өрт өчүрүүчү сигнализациясы жаңыртылган. Андан сырткары, ички жана сырткы суу түтүктөрү менен канализациясы жасалып, саркынды сууларды чогултуучу жай жана сантехникалык жабдуулар орнотулган", - деп айтылат маалыматта.

Оорукананын оңдоо иштерин сентябрь айынын аягына чейин бүткөрүү пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий