• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмокто батирден 73 жаштагы аялдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Токмокто батирден 73 жаштагы аялдын сөөгү табылды, - деп билдирет Өзгөчө кырдалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Токмок шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан батирлердин биринде бекилип калган эшигин ачып беришкен.

"Батирден П.Л. аттуу аялдын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлгөн. Эшик ачууга Токмок шаардык №21 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий