• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмоктогу ок атышууга катыштыгы бар делген эки жаран камакка алынды

Коом 0

Бишкек, 01.02.19 /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы "Токмок" көзөмөл өткөрүү пунктундагы ок атышууга катыштыгы бар делген Аскат Үсөнов менен Дастан Бейшенкулов камакка алынды. Бул тууралуу Чуй облустук милициядан кабарлашты.

Соттун чечими менен окуянын катышуучулары Үсөнов менен Бейшенкулов Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилет.

Маалыматка ылайык, Үсөновго 266-берене боюнча айып тагылууда - "Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; ок атуучу, газ-травматикалык куралдарды же башка куралдарды, ден-соолукка зыян келтирүү үчүн атайын ылайыкташтырылган башка предметтерди колдонуу же колдонуп кылмыш кылган".

Ал эми Бейшенкуловго эки берене (203, 39-130) боюнча айып тагылууда - "Мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракет кылуу" жана "Өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен опузалап талап кылуу".

Эске салсак, 25-январда кыргыз-казак чек арасындагы "Токмок" өткөрмө пунктунда эки топтун ортосунда жаңжал чыккан. Эки топ тең аткезчилик (контрабанда) менен алектенген деп кабарланууда.

Пикир

Оставить комментарий