• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азиз Сыдыков карьерасын Иран чемпионатында улантат

Спорт 0

Бишкек, 01.02.19. /Кабар/. "Дордой" клубунун жарым коргоочусу Азиз Сыдыков Ирандын "Санат Нафт Абадан" командасына өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Сыдыков "Санат Нафт" клубуна ижаранын негизинде барууда. Футболчу менен келишим ушул сезондун аягына чейин түзүлгөн.

"Санат Нафт" - Абадан шаарынын клубу. Ал клуб Ирандын алдыңкы лигасында ойноп келет.

Эске салсак, Сыдыков Кыргызстандын курамында Азия Кубогуна катышып, 4 жолу оюн талаасына чыккан.

Пикир

Оставить комментарий