• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шевченко Кыргызстанда канча күн болоорун айтты

Спорт 0

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. Кыргызстанга бир жумага келдим, - деп билдирди кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко Бишкектеги маалымат жыйынында.

Кыргызстанга кыска убакытка келгенинин себеби, алдыда эжеси Антонина Шевченконун UFC'нин алкагында боло турган беттеши менен байланыштуу экенин билдирди.

Ошол эле учурда спортчу бул кыска мөөнөткө болсо да машыгууларын токтотпой турганын кошумчалады.

"Өзүмдү бир калыпта кармап турушум керек. Ошондуктан машыгууларымды токтотпойм. Эки айдан кийин беттешим болот. Ал эми кайсы жерде машыгарым жашыруун", - деди ал.

Белгилей кетсек, UFC чемпиону Валентина Шевченко кечээ, 7-апрель күнү өзүнүн машыктыруучусу Павел Федотов менен бирге Бишкекке учуп келишкен.

Мекенине келген спортчу айым Бишкекте жана Ош шаарында күйөрмандары менен жолугушууларды өткөрөт. Бишкектеги күйөрмандары менен жолугушуусу, бүгүн "Бишкек парк" соода борборунда саат 16:00дө болору айтылууда. Ал эми эртеңки жолугушуу Ош шаарынын борбордук аянтында саат 18:00дө болот.

Белгилей кетсек, Шевченко былтыр декабрь айында UFC чемпиондук курун жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий