• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токтогул милициясы көп балалуу үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Токтогул милициясы көп балалуу үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөттү, деп билдирет Жалал-Абад облустук миилициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Токтогул РИИБдин башчысы Кабыл Искаков милициянын көчмө кабылдама унаасы менен көп балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөдөн кабар алган. Үй-бүлөгө акчалай, азык-түлүк жана кийим-кече түрүндө жардам көрсөтүлгөн.

Өз кезегинде район тургуну Токтогул РИИБдин жетекчилигине жана өздүк курамга ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий