• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токтогул районундагы жол кырсыгынан үч адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 21.06.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 285-чакырымында “Mercedes Benz Sprinter” жана “Волга” үлгүсүндөгү эки унаа кагылышкан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 21-июнда болжол менен саат 01:25 чамасында катталган.

Кырсыктын натыйжасында бир айдоочу жана эки жүргүнчү жабыркаган.

Жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

Учурда кырсыктын чоо-жайы аныкталууда.

Пикир

Оставить комментарий