• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто 1 млн. сомдук аткезчилик күрүч аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.06.18. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 1 млн. сомдон ашык аткезчилик күрүч аныкталган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-июнда Ош шаарына кире бериште DAF- XF95/480 чет элдик маркадагы унаа токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда эч кандай документи жок жалпы салмагы 23 тонна 400 кг болгон күрүч аныкталган.

Аныкталган аткезчилик күрүчтүн жалпы суммасы 1 млн. 251 миң сомду түзгөн.

Учурда кылмыш иши козголуп, териштирүү амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий