• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 109 млн куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 109 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 337 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 232 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.

Пикир

Оставить комментарий