• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

16-апрелге чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.04.02. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 12-16-апрелде өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустары

12-апрелде Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. 12-апрелде түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, күндүз көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

13-апрелде түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

13-апрелде күндүз жана 14-15-апрелдерде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

14-15-апрелдерде кээ бир райондордо катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт.

15-апрелде күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

16-апрелде түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-14-апрелдерде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

12-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 12-апрелде күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

13-апрелде түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

13-апрелде күндүз, 14-апрелде жана 15-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт.

15-апрелде күндүз Ош, Жалал-Абад, облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

16-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 16-апрелде күндүз Ош, Баткен, облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-14-апрелдерде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

12-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-апрелде күндүз жана 13-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

14-апрелде кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-апрелде жана 16-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 15-апрелде кээ бир райондордо катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-15-апрелдерде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

16-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусу

12-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-апрелде күндүз жана 13-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

14-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-15-апрелдерде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

16-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 16-апрелде күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт

Бишкек шаары

12-апрелде жана 13-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

13-апрелде күндүз жана 14-15-апрелдерде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

16-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-14-апрелдерде 14 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий