• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогул районунда баңгизат сатып жаткан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Токтогул районунда баңгизат сатып жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-февралда Жалал-Абад облустук милициясынын кызматкери тарабынан Токтогул районунда К. аттуу жаран баңгизат сатып жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган.

Анын алкагында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

“1-апрелде жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштердин натыйжасында иш боюнча шарттуу сатып алуучу катары катышып жаткан "Жора" каймана аттуу конфидент Токтогул районунун аймагынан "Токо" аттуу жарандан алгач 2 миң сомго 77 гр, 3-апрелде 3 миң сомго 80 гр, 7-апрелде 21 миң сомго 180 гр баңгизатын сатып алган жана алынган баңгизаттар тергөөгө өткөрүлүп берилген”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми 14-апрелде "Токо" аттуу жаран "Жорага" төртүнчү ирет 40 миң сомго 2 кг 200 гр баңгизатын сатып жаткан жеринен кармалган.

Милициядан белгилешкендей, "Токо" аттуу жаран Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын 1976-жылы туулган К.Т. аттуу тургуну экендиги такталган.

Соттук-химиялык экспертизасынын корутундусу менен шектүүдөн алынган баңгизат 2 кг 536 гр салмакты түзүп, гашиш баӊгизаты экендиги аныкталган.

Шектүү К.Т. жасаган кылмыштуу аракеттерин толугу менен мойнуна алган жана 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий