• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тоо эчки эти, документтери жок курал. Нарында браконьерлерге каршы рейд өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. NABU-Кыргызстандын "Барс тобу" Жаратылыш министрлигинин Нарын аймактык башкармалыгынын жана "Илбирс фонду" коомдук фондунун кызматкерлери менен биргеликте Нарын облусунда рейддин иш-чараларды өткөрдү.

NABU-Кыргызстандын уюмунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, 22-декабрда рейддин жүрүшүндө Ак-Сай өрөөнүндө жиликтүү тургундун вагонунан желим баштыктын ичинде жапайы жаныбардын эти (болжолу тоо эчкиники) табылды.

Мындан тышкары, 23-декабрда уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу курал менен жергиликтүү тургун кармалды.

Бул фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Бардык чогултулган материалдар тергөө иштери үчүн Нарын облусунун Ат-Башы районунун укук коргоо органдарына өткөрүп берилди

Пикир

Оставить комментарий