• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сагынбаев президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчылыгынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Сагынбаев Канат Латипжанович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу КР президентинин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Канат Сагынбаев аталган кызматка 2023-жылдын октябрында дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий