• 88.68
  • 95
  • 0.95

Байсалов Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Координациялык кеңештин максаты адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону, ошондой эле адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо механизмдерин өркүндөтүү болуп саналат.

Отурумдун жүрүшүндө 10 маселе каралды, анын ичинде протоколдук тапшырмалардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана 2022-2024-жылдарга адам укуктары боюнча иш-аракеттер планы, мындан тышкары Координациялык кеңештин 2023-жылдагы иши жөнүндөгү жыйынтыктоочу отчету жана келерки жылга иш планынын долбоору талкууланды.

Координациялык кеңештин 2024-жылга карата иш планы 16 иш-чараны камтыйт, алар айлана-чөйрөгө болгон укукка мониторинг жүргүзүү, тоо экосистемасынын экологиялык көйгөйлөрүнө жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, Акыйкатчы институтун Париж принциптерине шайкеш келтирүү, Кыргызстан боюнча жеке арыздарды инвентаризациялоо сыяктуу иш-чаралар кирген.

Пикир

Оставить комментарий