• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Акылбек Жапаров Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 12.10.22./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкара шаарына (Түркия Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Президенттик комплексте өткөн жолугушууда тараптар эки тараптуу, кызматташунун, анын ичинде экономика жана соода тармагындагы кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашты.

Тараптар эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн учурдагы өнөктөштүк механизмдерин мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Жолугушууда ошондой эле түрк тилдүү маданияттын жалпы тарыхый символу болуп калган Изник шаарында (Түркия Республикасы) өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы да талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий