• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо уланат

Коом 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Бажы кызматы Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо боюнча ишти улантат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо үчүн жарыяланган тендер, өкмөттүн курамынын кайра түзүлүүсүнө байланыштуу конкурстук комиссиянын курамы өзгөргөндүктөн токтотулган.

Бүгүнкү күндө өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы №547 токтомуна конкурстук комиссиянын курамына тийиштүү бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилген.

Конкурстук комиссия башталган ишти улантат жана келип түшкөн конкурстук арыздарды ачып, карай баштайт.

Биздин өлкөдө бирдиктүү Улуттук оператор тандалат, ал үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодадагы, ошондой эле Бирликтин өлкөлөрүнүн ортосундагы ички соодадагы ташууларга байкоо жүргүзөт. Конкурстук тандоо аяктагандан кийин экинчи кварталдын ичинде навигациялык пломбаларды колдонуу менен товарларды ташуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү пландаштырылууда.

Пломбанын милдети жүк ташууларды ыңгайлаштыруу болуп саналат. Пломбанын жардамы менен бардык кызыкдар тараптар ташууга байкоо жүргүзө алышат. Ошол эле учурда ал бажылык контролдоодо мыйзам бузууларды азайтып, текшерүү жүргүзүү учурунда адамдык факторду четтетет. Мындан тышкары, пломба кошумча физикалык текшерүүлөрдү жокко чыгарат, ошону менен жеткирүү убактысын кыскартат, ошондой эле пландан тышкары ачылуудан корголгон.

Пикир

Оставить комментарий