• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Транспорт министри Тогуз-Торо районунун эли менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. 14-16-ноябрда Нарын жана Жалал-Абад облустарына болгон жумушчу сапарынын алкагында транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолугушту.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда министр аталган аймактагы жолдорду куруу боюнча ведомство тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Тилек Текебаевдин айтымында, бүгүнкү күндө Тогуз-Торонун жол көйгөйүн чечип, калктын жашоо шартын жана деңгээлин жакшыртуу максатында алгылыктуу иштер аткарылды.

Алсак, Жээналиев көчөсүнө асфальт төшөлүп, Киров-Өрнөк-Дөдөмөл жолу жасалып, Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 3 чакырымы асфальтталды.

Ошондой эле жергиликтүү элдин жумушун жеңилдетип, алыскы аймактарга барчуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында «Казарман» аэропортунун перрондору оңдолуп, учуу-конуу тилкеси асфальтталды.

"Негизинен соңку жылдары мамлекет жетекчилигин колдоосу менен жергиликтүү маанидеги жолдор менен катар эл аралык талаптарга жооп берген трассаларды курууга өзгөчө көңүл бурулуп, жол оңдоо жана салуу үчүн казынадан бөлүнгөн каражаттын көлөмү көбөйдү.

Буга чейин жолдор кредитке, чет элдик компаниялардын гана жардамы менен салынып келсе, эми өлкө жолдорун курууга ата мекендик ишканалар да тартыла баштады. Ош-Баткен-Раззаков, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолунун курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашып атат", - деди ал.

Министр белгилегендей, быйыл жылдын аягына чейин республика боюнча 619 чакырым жолго асфальт төшөө иштери пландаштырылып, өлкө казынасынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен 383 чакырым жолго, инвестициялык долбоорлор боюнча 168 чакырымга асфальт төшөлдү. Ошондой эле Нарын шаарынын ички көчөлөрүн жана жети дубандагы аэропорттордун учуу-конуу тилкелерин ондоо иштери жүрдү.

Жалпысынан республика боюнча бүгүнкү күнгө 615 чакырым жолго жаңы асфальт төшөө иштери аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий