• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Транспорт министрлиги: Дыйкан – Кара-Кече жолунда кырсыкка кабылган айдоочу мас болгон

Коом 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Дыйкан – Кара-Кече жолунда кырсыкка кабылган айдоочу мас болгон, - деп күн мурун катталган жол кырсыгы тууралуу Транспорт жана жол министрлигинен комментарий беришти.

Ведомстводон билдиришкендей, күн мурун социалдык тармактарда кырсыктын видеосу тарап, анда Транспорт министрлигинин Жол-тейлөө кызматын күнөөлөшкөн, бирок аталган кызматтын ал жол кырсыгына эч кандай тиешеси болгон эмес.

Эске сала кетсек, 10-ноябрда Дыйкан – Кара-Кече унаа жолунун 37-600-чакырымында болжол менен саат 17:20да КамАЗ жана жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Пикир

Оставить комментарий