• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Триатлончулар Юлия Фернас жана Айбек Надырбеков Баткенде

Аймак 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Күн мурун, 17-сентябрда триатлончулар Юлия Фернас жана Айбек Надырбековдун командасы Баткен облусуна келишти. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, спортчуларды ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов тосуп алып, облустун спорт тармагын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баарлашты.

Триатлончулар бүгүн, 18-сентябрда Баткен облусунун Төрт-Гүл суу сактагычында 3,8 км сууда сүзүп, 180 км велосипед аркылуу, 42 км аралыкты жөө чуркашты.

Белгилей кетсек, аталган спортчулар буга чейин жарандарды дени сак жашоого, спортту сүйүүгө үндөө максатында Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарында болушкан. Эми калган облустарда улантмакчы.

Пикир

Оставить комментарий