• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузак жана Базар-Коргон районунда аз камсыз болгон 400 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылат

Аймак 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак жана Базар-Коргон районунудагы аз камсыз болгон 400 үй-бүлөгө "Кувейт кайрымдуулук кербени" аркылуу келген азык-түлүктөр таратылат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн Жалал-Абадка кербендин өлкөнүн түштүк аймактарына бөлүнгөн жардамы жеткирилди. Алардан 400ү облустун эки районундагы муктаж үй-бүлөлөргө берилет.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, "Smart generation" коомдук фондунун түштүк аймагындагы өкүлү Мухаммед Айди жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.

Облус башчысынын биринчи орун басары Кувейт кайрымдуулук кербенинин уюштуруучуларына ыраазчылык билдирди. Ошондой буга чейинки биргеликте аткарылган иштерге токтолду. Мамасалы Акматов, облуста көп тармактыуу эки өлкө мамилелерин дагы да бекемдөө аракети улантылаарын кошумчалады.

Кайрымдуулук кербени Кувейт мамлекетинин эгемендүүлүк майрамынын алкагында уюштурулган. Жардам өлкө боюнча 11 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жеткирилет.

Демилге жалпы 23 өлкөдө жүргүзүлүп, 500 миңге жакын жакыр үй-бүлөлөрдү камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий