• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Турсунбеков БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы менен жолукту

Жогорку Кеңеш 0

БИШКЕК, 24.08.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын администраторунун орун басары жана Европа менен Борбор Азия боюнча аймактык бюросунун жетекчиси Джихан Султаноглу менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен БУУнун өнүктүрүү программасынын ортосундагы алакаларга байланышкан маселелерди талкуулап, парламенттик демократияны өнүктүрүү, коррупция менен күрөшүү жана сот системасын реформалоо багытында баарлашышты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков Бириккен Улуттар Уюмунун мекемелеринин системасы (ЮНДАФ) тарабынан Кыргызстандын туруктуу өнүгүшү үчүн көрсөтүлүп жаткан жардамдарга байланыштуу ыраазычылык билдирип, 2012-2017-жылдарга карата аталган программанын алкагында 186 миллион долларлык көлөмдө иш пландар мерчемделгенин маалымдады. Ошондой эле, 300 миллион доллардан ашуун гранттык каражатка бир катар иштер аткарылганын кошумчалаган Төрага: “2018-2022-жылдарга карата кол коюлган ЮНДАФтын жаңы этабы ийгиликтүү ишке ашарына ишенем”, – деди.

Андан тышкары, өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий абалга учкай токтолгон Чыныбай Турсунбеков: “Бизде ири саясий окуя – мамлекет башчысын шайлоо өнөктүгү күтүлүүдө. Парламенттик демократиялык өнүгүү жолунда бара жаткан Кыргызстанда, биринчи ирет шайлоо жараяндарын таза өткөрүү тапшырмасы турат. Буйруса, 2017-жылдын октябрында өтө турган добуш берүү өнөктүгү ачык-айкын жана эл аралык стандартта өтөт деген ойдомун”, – деп билдирди.

Ошондой эле Төрага, маектешине өлкөдө жана парламентте мерчемделген бир катар долбоорлор тууралуу маалымат берип: “Сизге билгилүү болгондой, 2040-жылга чейинки Кыргызстандын туруктуу өнүгүү Стратегиясы иштелип чыгууда. Анын бирден-бир маанилүү бөлүгү болуп, электрондук өкмөт жана ачык коом принцибине таянган жогорку технологиялык, улуттук “Таза коом” долбоору эсептелет. Мындан сырткары, парламентаризм институтун өнүктүрүү алкагында 2021-жылга чейинки Жогорку Кеңештин туруктуу өнүгүу Стратегиясы кабыл алынган жана аны ишке ашыруу маселесинде БУУнун өнүктүү программасы көмөктөшөт деген ишеничтемин”, – деди.

Өз кезегинде БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Джихан Султаноглу уюмдун мекемелер системасы Кыргыз Республикасы менен болгон алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп: “Кыргызстан Борбор Азиядагы парламенттик башкаруу системасын тандап алган жалгыз өлкө. Бул биз үчүн өтө маанилүү жана баалуу. Парламентаризмди өнүктүрүү үчүн узак убакыт талап кылынарын да билебиз жана Жогорку Кеңешти бардык тараптан колдоого даярбыз”,– деп кошумчалады.

Мындан сырткары, Джихан Султаноглу парламенттик демократиялык багытта таза шайлоолордун мааниси жогорку экенине токтолуп, бул жаатта да биргелешип иш алып баруу керектигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий