• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Достук-унаа жол» көзөмөл өткөрүү жайы эл аралык, көп тараптуу статуска ээ

Аймак 0

БИШКЕК, 24.08.17. /Кабар/. «Достук-унаа жол» көзөмөл өткөрүү жайындагы мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары боюнча Өзгөн, Араван, Ноокат райондорундагы элдик жыйындарда жергиликтүү тургундар Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашовго билдиришкен. Бул тууралуу Ош облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Көпчүлүк бул жер аркылуу Өзбекстан тараптагы туугандарына, ал эми Өзбекстандан Кыргызстанга өтүшөт. Бул багытта жерине барып чек арачылар менен сүйлөшүп алардын ишмердүүлүгү менен таанышууну убадалаган КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов бүгүн «Достук-унаа жол» көзөмөл өткөрүү жайына барды. Алгач чек ара, бажы, транспорт жана ветеринардык кызмат өкүлдөрү менен жолукту. Аларга "эл арасындагы нааразычылык тууралуу айтып “эки эл ортосундагы мамиле жакшы нукка бурулуп жаткан учурда барыңар таза жана ак кызмат кылып, жарандарга сылык мамиледе болуп мыйзам чегинен чыкпай иш алып баргыла. Эгерде эл арасында дагы деле силерге карата ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп фактылар аныкталса эч кимге аео болбойт”- деди.

Андан соң эки тарапка өтүп жаткан жарандар менен пикир алышып, аларга карата мамиле жана тейлөө тууралуу сүйлөшүштү. Ошондой эле ветеринардык, фитосанитардык, санитардык-эпидемиялык көзөмөл кызматтарынын шарттары менен таанышып, иштөө жараянын карап чыкты.

Пикир

Оставить комментарий