• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тууну өзгөртүү мыйзамы качан күчүнө кирет? Президенттин маалымат катчысы түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 23.12.23./Кабар/. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгени тууралуу түшүндүрмө берди.

Маалым болгондой, аталган мыйзамга күн мурун президент Садыр Жапаров кол койду.

"Мыйзам “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан тартып күчүнө кирет (гезит алдыдагы шейшемби күнү жарык көрөт).

Мындан тышкары, ушул мыйзамга ылайык, министрлер кабинети мамлекеттик туунун техникалык өзгөчөлүктөрүн өз токтому менен бекитиши керек.

Ошонун негизинде анан жаңы желек жасалып, имараттардагы туулар алмаштырылат. Башкача айтканда, белгилүү бир убакытты алат.

Белгилей кетсек, азыркы мамлекеттик желекке аяр мамиле жасоо талаптары жаңысы илинген учурда деле күчүндө калат. Бул президент Садыр Жапаровдун так тапшырмасы", — деди Алагөзов.

Пикир

Оставить комментарий