• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев италиялык кесиптеши менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Кечээ, 8-декабрда Ташкент шаарында «Борбордук Азия + Италия Республикасы» министрлеринин жолугушуусуна катышуунун алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Италия Республикасынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майо менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тышкы иштер министрликтеринин башчылары тыгыз байланышты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, Кыргызстандын «ВСП+» макамын эске алуу менен Италия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти. Бул контекстте Бишкек шаарында өткөн кыргыз-италиялык бизнес-форумду канааттануу менен белгилеп, италиялык инвестицияларды Кыргызстанга тартууга кошумча түрткү берүүчү өлкөнүн экономикалык жана туристтик дарамети боюнча өлкөлүк презентациясын уюштурууну пландаштырышты.

Тараптар министр Р.Казакбаевдин Рим шаарына болгон иш-сапарынын жыйынтыгында кыргыз-италиялык инвестициялык фондду түзүү жана Италиянын Бишкекте Элчилигин ачуу боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту жана 2022-жылдын биринчи жарымында КР президенти Садыр Жапаровдун Италияга иш сапарын жана Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майонун Кыргызстанга иш сапарын уюштурууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушууда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө бекем ниеттерин билдиришип, тараптардын кароосундагы макулдашуулар боюнча бардык жол-жоболорду тез арада аяктоо боюнча макулдашуу жетишилди.

Аймактык коопсуздук контекстинде Афганистандагы кырдаал боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болуп, афган элине гуманитардык жана башка жардам көрсөтүүдө биргелешкен кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан багыттарды бекемдөө жана диверсификациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий