• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тышкы иштер министри Түркиядагы мекендештер менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 07.05.19. /Кабар/. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков өзүнүн Түркияга болгон расмий визитинин алкагында Анкара шаарында мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Айдарбеков чогулгандарга өкмөт жана тышкы иштер министрлиги тарабынан чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештердин укуктарын колдоо максатында жасалган иштер тууралуу кабарлап, өлкөнүн өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары жана мамлекеттик реформалар тууралуу айтып берген.

Өзгөчө көңүл 2018-жылдын 10-апрель күнү Түркиядагы кыргыз диаспорасынын КРнын президенти С.Жээнбеков менен болгон жолугушуудагы сөздөрүн жана буйруктарын аткарууга бурулган.

Андан тышкары министр Түркиянын ТИМ башчысы менен болгон жолугушуусундагы эң маанилүү макулдашуулары тууралуу кеп курган.

Түркиянын шаарларында маданий иш-чараларды өткөрүүдө диаспоралардын КРнын Түркиядагы чет элдик мекемелери менен биргеликте тыгыш иштөөсү керектигине көңүл бурулган.

Пикир

Оставить комментарий