• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

UFC уюму Нурмагомедов менен Фергюсондун беттешинин расмий постерин жарыялады

Спорт 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. UFC уюму россиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсондун беттешинин расмий постерин жарыялады. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

Эки мушкердин беттеши UFC 249 мелдешинин алкагында 18-апрелде АКШнын Бруклин жеринде өтөт.

Нурмагомедов акыркы беттешинде америкалык Дастин Порьени жеңип, өзүнүн чемпиондук курун коргоп калган. Россиялык мушкер карьерасында 28 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен.

Ал эми Фергюсон 28 беттешинде үч жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Пикир

Оставить комментарий