• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Угуусу жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын сабактар уюштурулду

Коом 0

Көк-Жар конушунда "Аруна" балдар чыгармачыл борбору иштеп келет. Ал быйыл "Сорос-Кыргызстан" фондунун каржылык колдоосу менен Борбор Азиядагы Евразия фонду ишке ашырып жаткан "Кыргыз Республикасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүүдө инновациялык технологияларды киргизүү" долбоорунун алкагында ачылган.

Борбордун расмий ачылышы март айында балдардын, шаардыктардын, педагогдордун, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчисинин жубайы Фасилика Фырат, КРдагы өнөктөштөрдү өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин (TIKA) өкүлү Али Муслу, КРнын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева, Бишкек шаарынын Октябрь районунун башчысы Максим Ситников, "Борбор Азиядагы Евразия Фондунун" аткаруучу директору Анара Надирбекованын катышуусунда өткөн.

Борбордо мүмкүнчүлүгү чектелген 60тан ашык бала жайкы эс алуусун пайдалуу өткөрүүдө. Бул борбордун программасында бий өнөрүн өнүктүрүү, кол өнөрчүлүк жана вокал боюнча сабактар каралган. "Аруна" борбору өзгөчө балдар үчүн гана эмес, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар ата-энелер үчүн дагы ачылган.

Борбордун башчысы, коомдук ишмер Шахрезада Аскарова жай айында балдар үчүн каралган иш-чаралар тууралуу айтып өттү.

"Борбордун жайкы пландары ар түрдүү жана балдар менен иштөөнүн ар кандай формаларына бай. Ал – конкурстар жана оюн программалары, викториналар жана интеллектуалдык оюндар, бий жана спорттук оюн программалар, кол өнөрчүлүк жана чеберчилик боюнча ар кандай бирикмелерде иштөө. Азыр биздин балдар кийиз чеберчилигин жана комузду үйрөнүп башташты. Борбор Азиядагы Евразия фондуна жана "Сорос-Кыргызстан" фондунун колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдиребиз", - дейт ал.

"Борбор Азиядагы Евразия Фондунун" аткаруучу директору Анара Надирбекова "Аруна" борбору тууралуу мындай пикирде: "Аруна" борбору – бул уникалдуу чыгармачыл инклюзивдик чөйрө. Ал жерде билим алуунун өзгөчө муктаждыктары бар балдар жана алардын курдаштарына ийгиликтүү өнүгүү, коомго аралашуу (социализация) үчүн шарттар түзүлөт. Бул борбордо достук, сүйүү жана ишеним сезилет. Биз, борбордун өнүктүрүү программалары майыптуулугу бар балдарга мектепте окуу кыялын ишке ашырууга өбөлгө түзөт деп ишенебиз".

"Сорос-Кыргызстан" фондунун каржылык колдоосу менен БАЕФ өлкөдө билим алуунун өзгөчө муктаждыктары бар балдарды окутуу боюнча педагогдордун жана коомчулуктун дараметин жогорулатуу аркылуу инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө өз салымын кошууда.

Пикир

Оставить комментарий