• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Уханда жана Италияда иштеп келишкен: Исмаилова Кытайдан жана Польшадан келген топ медиктерге кандай көмөк көрсөтөрүн айтты

COVID - 19 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Гуманитардык кызматташуунун алкагында Кыргызстанга Кытай жана Польшадан атайын медициналык кызматкерлер келди. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан брифингде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова эске салды.

Анын маалыматына караганда, алардын Уханда, Италияда жана Испанияда иштеген тажрыйбалары бар.

"Кытайдан 10 адам келди. Алардын алтоо дарыгер, үчөө орто медперсонал жана бирөө миссиянын башчысы. Ал эми Польшадан 11 адам келди, алардын тогузу дарыгер, экөө котормочу. Кытайдан келген дарыгерлер көбүнчөсү Бишкек шаарындагы ооруканаларда, лабораторияларда жана медицина кызматкерлерине ар кандай окутуу иштерин жүргүзүү максатын көздөшөт", - деп билдирди ал.

Исмаилованын айтуусунда, ошондой эле алар аймактагы медкызматкерлерге онлайн байланыш аркылуу кеп-кеңеш беришет.

"Польшадан келген медициналык топ Бишкек жана Ош шаарларында, Жалал-Абад облусунда биздин медкызматкерлер менен чогуу коронавирус инфекциясына каршы тажрыйба алмашат", - деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий