• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК алдамчылык фактысы боюнча мурдагы депутатты кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. КР УКМК тарабынан "Кыргызстан" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты «Н.К.» (Нурматов Кубанычбек) тарабынан жасалган ири өлчөмдөгү алдамчылык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, тергөө учурунда экс-депутаттын алдамчылык иштерге тиешеси бар экендиги боюнча далилдер табылды.

2013-жылы «Н.К.» Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитору болуп турган учурда 500 миң АКШ долларынан ашык суммадагы кыймылсыз мүлктү алдамчылык менен алып алган.

2021-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча алдамчылыкка шектелип «Н.К.» кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий