• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Атайын тыңшоочу жана тартуучу техникалык каражаттар алынды

Укук тартиби 0

Бишкек. 03.06.19. /Кабар/. Жашыруун тыңшоочу жана тартуучу атайын техникалык каражаттар аныкталып, алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМК билдиргендей, жашыруун маалымат алуу жана тартуучу техникалык каражаттарды сатуу жолдорун аныктоо жана токтотуу боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз сатууга тиешеси бар жарандар кармалган.

Белгилүү болгондой, сайттардын биринде жашыруун тыңшоо жана тартуу үчүн атайын техникалык каражаттар сатылары тууралуу жарыя жайгаштырылган.

Соттун санкциясы менен жарыя берген адамдын жашаган жеринде тинтүү жүрүп, анын жыйынтыгында атайын техникалык каражаттар табылып, алынган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 252-беренеси боюнча каттоого алынган.

Учурда тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий