• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте ысык суу качан берилери маалым болду

Коом 0

Бишкек, 03.05.19 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 4-июнунан тарта ысык суу бериле баштайт, - деп билдирет "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коому.

Белгилей кетсек, калаада ысык суу 6-майдан тарта өчүрүлүп, жылуулук тармагында оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

Ишканадан кабарлашкандай, ысык сууну толугу менен берүү үчүн үч күн керек болот. Алгач бала бакча, оорукана жана башка социалдык маанилүү объектилерге берилет.

"Ысык суу берилерде суу агып кетпеш үчүн "Аристон" сыяктуу суу жылытуучу каражаттарды өчүрүп коюу сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

Кошумча суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:

Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980.

Диспетчер кызматы: 56-85-58.

Борбордук райондордун нөөмөттөгү инженерлери: 36-57-19,30-07-67.

Шаардын түштүгүндөгү райондордун нөөмөттөгү инженерлери:51-06-22, 21-74-06.

Пикир

Оставить комментарий