• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК башчысы Индияда дарыланууга муктаж болгон Дайырбекке жардам берет

Коом 0

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев дарыланууга муктаж Дайырбек Маматкалиевге жардам көрсөтөт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-декабрда Ташиев курч лимфобластикалык лейкоз деген диагноз менен ооруган Маматкалыев Дайырбек Кыялбековичтин ата-энеси менен жолугушту.

Химиотерапия курсунун аяктаганына карабастан, курч лимфобластикалык лейкозду толук дарылоо үчүн дарыгерлердин сунушу менен Индиянын “Фортис”. Дарылоо процедураларына каражаттын жетишсиздигинен улам Д.Маматкалыевдин ата-энеси КР УКМК башчысына жардам сурап кайрылышкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында генерал-лейтенант Ташиев УКМКсы Маматкалыевдин Индиянын “Фортис” клиникасында текшерүүсүн жана операциясын каржылоого көмөктөшөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий