• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМдин кызматкери пауэрлифтинг боюнча Дүйнө чемпионатында биринчи орунду алды

Коом 0

Бишкек, 20.11.23 / Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Тилек Арапбаев 16-19-ноябрда Бишкекте өткөн пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатында биринчи орунду алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Арапбаев ӨКМ Ош облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Суу району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицер-майору.

ӨКМ кызматкери 67.5 кг салмакта катышып, жыйынтыгында 1-орунга ээ болду. Анын чемпионатка катышуусун Кара-Суу райондук ӨКБ башчысы Сүйүн Осмонов өзү колдоого алып, демөөрчүлүк көрсөткөн.

ӨКМдин өздүк курамы Тилек Арапбаевлди жеңиши менен куттуктап, мындан ары да чоң ийгиликтерди каалайт.

Пикир

Оставить комментарий