• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК Бишкектеги дарыкананын кампасына мөөр басты

Коом 0

Бишкек, 28.11.22. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги дарыкананын кампасына мөөр басты.

Комитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда бир катар фармацевтикалык компанияларга жана КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаменти коррупциялык иштер боюнча тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын маалымдайт.

Бул иш боюнча тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган далилдерди табуу жана тийиштүү түрдө эсепке алуу максатында «М-РАЙН» ЖЧКсынын кампаларында издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Ири көлөмдөгү дары-дармектердин табылганын эске алып, тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн «М-РАЙН» ЖЧКсы колдонгон сактоочу жайына мөөр басылган.

Учурда бул иштин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий