• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тай боксу боюнча курама команда дүйнө чемпионатынан келди

Спорт 0

Бишкек, 28.11.22. /Кабар/. Тай боксу боюнча дүйнө чемпионатына катышкан Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына 26-ноябрда кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Cпортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Райымбек Токомбаев , Кыргызстандын тай бокс федерациясынын вице-президенти Минна Нитин, спортчулардын жакындары, достору жана күйөрмандары тосуп алышты.

Белгилей кетсек, дүйнө чемпионатында курама команда жалпы 14 медаль (6 алтын, 5 күмүш, 3 коло) жеңген.

Мелдеш 15-22-ноябрь күндөрү Тайландда өттү.

Пикир

Оставить комментарий