• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Кыргызстандын курамасы хоккей боюнча дүйнө чемпионатын жеңиш менен баштады

Спорт 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Босния жана Герцеговинадагы дүйнө чемпионатынын 3(В)-дивизионуна катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Кыргызстандын курамасы алгач Сингапурдун командасы менен бүгүн, 27-февралда ойноп, атаандашын 14:2 эсебинде жеңип алды. Кыргызстандын кийинки атаандашы Босния жана Герцеговинанын курамасы болот.

Сараево шаарында өтүп жаткан мелдеште алты мамлекеттен Кыргызстан, Иран, Гонконг, Малайзия, Босния жана Герцеговина жана Сингапурдан келген курама командалар күч сынашат.

Пикир

Оставить комментарий