• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия кубогу – 2024. Кыргызстандык футболчулардын атаандаштары белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Доха шаарында AFC Asian Cup Qatar-2024 үчүн расмий чүчү кулак тартуу аземи өтүп, Кыргызстандын атаандаштары белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, FIFAнын 6-апрелдеги рейтинги боюнча 24 курама команда 4 себетке бөлүнгөн.

Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча КР улуттук курама командасы "F" тайпасына түштү. Анда Сауд Арабия, Таиланд, Кыргызстан жана Оман командалары ойнойт.

Эске салсак, турнир Катарда 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий