• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК Бишкектин Биринчи май РИИБсинин тергөөчүсүн кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.09.23. /Кабар/. УКМК тарабынан пара талап кылуу жана кылмыштуу чөйрөнү түзүү же ага катышуу фактылары боюнча көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын 5-шаардык бөлүмүнүн опер кызматкери М.А.М. кармалды.

Такталгандай, КР ИИМдин аталган кызматкери, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте, Telegram жана WhatsApp социалдык мессенжерлеринде белгилүү чаттарды түзүү жолу аркылуу жарандардан мыйзамсыз түрдө баңги затын алуу боюнча мурда кылмыштуу топтун мүчөсү болгондугу аныкталган.

Мурда белгиленгендей, жогорудагы кызматкерлер, бул мессенджерлерди колдонуу максатында баңги затын сатып алууну көздөгөн адамдарды атайылап кармашкан. Андан соң кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен шантаж кылышып, кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу жолу менен 500дөн 5 миң АКШ долларына чейин акча каражатын талап кылышкан.

Кармалган М.А.М. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Учурда жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар делинген КР ИИМдин башка кызматкерлерине карата, кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ушул сыяктуу кылмыштарга кабылган жарандар КР УКМКнын (0312) 66-04-75 жана 0708 72 28 01 телефон номерлерине кабарлап коюуңуздарды суранат.

Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Пикир

Оставить комментарий